Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №145

 

Үч-Эмчек айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба техникаларын ремонттоого акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Үч-Эмчек айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба техникаларын ремонттоого акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Үч-Эмчек айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба техникаларын ремонттоого керектелүүчү 945550 (тогуз жүз кырк беш миң беш жүз элүү) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.Алар:

Экскватор,

Комбайн,

Чөп чапкыч (германка),

Трактор 4 даана,

Прессподборщик,

Сеялка.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев