Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №152

 

Үч-Эмчек айылындагы жакынкы (Кууганды, Тегерек, Чөңөр) жайлоолоруна кеткен жолдорго суу өтүүчү трубаларды салуу жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Үч-Эмчек айылындагы жакынкы (Кууганды, Тегерек, Чөңөр) жайлоолоруна кеткен жолдорго суу өтүүчү трубаларды салуу жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүнакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Эмчек айылындагы жакынкы (Кууганды, Тегерек, Чөңөр) жайлоолоруна кеткен жолдорго суу өтүүчү трубаларды салуу жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүн керектелүүчү 250,0 (эки жүз элүү мин миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев