Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №153

 

Үч-Эмчек айылына мал камак салуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Үч-Эмчек айылына мал камак салуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Эмчек айылына мал камак салуу үчүн айылдагы № контурунан 0,10 га жер тилкеси болүнүп берилсин.

 

2. Мал камак салууга керектелүүчү 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев