Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №156

 

Айылдык Кеңештин төрагасынын жыл ичиндеги ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Айылдык Кеңештин төрагасынын жыл ичиндеги ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык Кеңештин төрагасынын жыл ичиндеги ар кандай чыгымдары үчүн керектелүүчү 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев