Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №159

 

Бөлүнгөн акча каржатынын ордун толуктоо жөнүндө

 

Айыл тургуну Апышов Бактыбектин дарылануусуна айылдык кеңештин 06.06.2024-жылдагы №26 токтому менен бөлүнүп берилген акча каржатынын ордун толуктоо жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл тургуну Апышов Бактыбектин дарылануусуна айылдык кеңештин 06.06.2024-жылдагы №26 токтому менен жергиликтүү бюджеттин социалдык иш-чаралар бөлүмүнөн бөлүнгөн 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев