Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №165

 

Каракол айыл аймагындагы кичи футбол аянттарынын ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Каракол айыл аймагындагы кичи футбол аянттарынын ремонт иштерине акча каражатын бөлүү боюнча бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каракол айыл аймагындагы кичи футбол аянттарынын ремонт иштерине керектелүүчү 450,0 (төрт жүз элүү) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2.Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К Токушев