Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №168

 

Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратынын ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имараты өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратынын ремонт иштерин жүргүзүүгө керектелүүчү 450,0 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К Токушев