Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу № 172

 

М.Сейталиев атындагы орто мектебинин жанындагы спорт залын актоо , сырдоо ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

М.Сейталиев атындагы орто мектебинин жанындагы спорт залын актоо, сырдоо ремонт иштерине акча каражатын бөлүү боюнча бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы; 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. М.Сейталиев атындагы орто мектебинин жанындагы спорт залын актоо, сырдоо ремонт иштерине 50,0 (элүү миң) сом акчакаражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К Токушев