Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясынын

 

2024-жылынын 29-ноябры №1/3

 

«Багыш айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоо жөнүндө ».

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 31-беренесине жана Багыш айылдык кеӊешинин регламентине ылайык Багышайылдык кеӊеши токтом кылат:

 

  1. Багыш айылдык кеӊешинин төрагалыгына добушка коюлган талапкерлердин ичинен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Кулмамбетов Курстанбек Мамасадыкович Багыш айылдык кеӊешинин төрагасы болуп шайлангандыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 3 протоколу бекитилсин.

 

  1. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

 

 

Багыш айылдык кеңешинин

төрагасынын м.а.

 

А.З.Борукулов.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме №1  1/3-токтомго

1-сессия 2024

 

 

Сузак районунун Багыш айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын

№ 3 ПРОТОКОЛУ

Октябрь айылы 29.11. 2024-ж.

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:

 

1.         Маматканова Жыпаргул

2.         Омуров Тилек

3.         Жумабаев Бактыбек

4.         Апиева Айнура

5.         Тагаева Тарындык

КҮН ТАРТИБИ:

 

Багыш айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу.

 

Багыш айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн 31 депутат катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында

 

1.    Арапбаев Асилбек 9 добуш

2.    Кулмамбетов Курстанбек 17 добуш

3.    БААРЫНА КАРШЫ                      4 добуш

4.    Жараксыз 1 добуш

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Багыш айылдык кеӊешинин төрагалыгына добушка коюлган талапкерлердин көпчүлүк добушун алган Кулмамбетов Курстанбек Мамасадыкович Багыш айылдык кеӊешинин төрагасы болуп шайланды .

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Багыш айылдык кенешинин сессиясынан суралсын.

 

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Б.Жумабаев

 

Эсептөө комиссиясынын катчысы: Ж.Маматканова

 

Эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрү: Т.Омуров

                 

А.Апиева

 

Т.Тагаева