Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясынын

 

2024-жылынын 29-ноябры №1/5

 

«Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө».

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 41-беренесинин негиздеп, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

            1. Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басарлары болуп Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович жана Калилов Нурбек Таалайбекович шайланды болуп шайлангандыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 4 протоколу бекитилсин.

 

            2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

 

            3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

К.М.Кулмамбетов.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме №3  1/5-токтомго 1-сессия 2024

 

Сузак районунун Багыш айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басарларын шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын

 

№ 4 ПРОТОКОЛУ

Октябрь айылы 29.11. 2024-ж.

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:

 

1. Маматканова Жыпаргул

2. Омуров Тилек

3. Жумабаев Бактыбек

4. Апиева Айнура

5. Тагаева Тарындык

 

КҮН ТАРТИБИ:

 

1. Багыш айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу.

 

Багыш айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басарларын шайлоону өткөрүү үчүн 30 депутат катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында

 

1.    Ажыматова Гулсун 1 добуш

2.    Калилов Нурбек 29 добуш

3.    Мурзаканов Чолпонбек 30 добуш

4.    БААРЫНА КАРШЫ жок добуш

5.    Колдонулбаган бюллетень 1 добуш

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Багыш айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басарлыгына добушка коюлган талапкерлердин көпчүлүк добушун алган Калилов Нурбек жана Мурзаканов Чолпонбек Багыш айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайланды .

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Багыш айылдык кенешинин сессиясынан суралсын.

 

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Б.Жумабаев

 

Эсептөө комиссиясынын катчысы: Ж.Маматканова

 

Эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрү: Т.Омуров

А.Апиева

 

Т.Тагаева