Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 191

 

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айыл тургуну Молдосанов Азаттын Арал айылындагы өзүнө тиешелүү тамеки сарайдын ордун багытын өзгөртүп мал союуучу жайга айландырууга жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Молдосанов Азаттын арызы канааттандырылсын.

2. Арыз ээсине тиешелүү тамеки сарайдын ордун багытын өзгөртүп мал союуучу жайга айландырууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысыК.М.Мамажановдон суралсын.

Төрага

 

Ф.К.Токушев.