Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры № 5

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга  делегаттарды көрсөтүү жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө.

      Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрыдагы №271 “Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.     Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын Молдо Нияз  айыл аймагы боюнча  жалпы саны 150 адам  деп белгиленсин.

2.    Өкүлчүлүктүү жыйынды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 1-тиркемеге ылайык 21  адамдан деп бекитилсин.

3.      Өкүлчүлүктүү жыйынга  делегаттарды шайлоо боюнча Молдо Нияз  айыл аймагы  2-тиркемеге ылайык ченемдерге бөлүнсүн.

4.      Өкүлчүлүктүү жыйынга  делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү гафиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкулчүлүктүү нормалары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.      Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө  жооптуу Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

6.     Молдо Нияз  айыл аймагынын айыл өкмөтү  өкүлчүлүктүүжыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү  жыйындары жана чогулуштары өтө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соцтармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү  жамааттын мүчөлөрүн кабардар кылсын.

7. Жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайды аныктап, тиешелүү техникалык      жабдыктар менен камсыздоо Молдо Нияз  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө   

     милдеттендирилсин.

8. Өкүлчүлүктүү  жыйын 2024-жылдын 7-декабрында саат 11-00 дө  Молдо Нияз  айыл аймагынын Алга айылындагы  маданият үйүнүн  жыйындар залында өткөрүлсүн.

 

9.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

Төрага

И.К. Салиев

 

 

        Молдо Нияз айыл аймагынын 

       айылдык кеңешинин                                                                               28.22.2024-жылдагы биринчи                                                                               уштуруу сессиясынын                                                                                № 5 токтомуна  3-тиркеме

 

Молдо Нияз айыл аймагында Өкүлчүлүктүү жыйынга  делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин чогулуштарын өткөрүүнүн графиги

№

Айылдын аталышы

 

Күнү

Мөөнөтү

Жыйын

өткөн жер

Делегаттар дын өкүлчүлүктүү нормасы

Жооптуу

Молдо Нияз айыл  аймагы 150 өкүл

1.     

Алга

04.12.2024

 

09:00

Маданият үйү

34

Р. Арынова

2.     

Жаңы-Чек

04.12.2024

09:00

Маданият үйү

1

Ш. Абдуллаев

3.     

Чукур-Кыштак

04.12.2024

11:00

Чукур-Кыштак орто мектеби

18

Ф. Адурахманова

4.     

Адыр

04.12.2024

11:00

Чукур-Кыштак орто мектеби

9

А.Абдижалилов

5.     

Шыбран

04.12.2024

14:00

Шыбран орто мектеби

4

К. Кенжебаев

6.     

Кыргыз-Кыштак

05. 12.2024

 

09:00

Маданият үйү

43

К. Машрапов

7.     

Умай-Эне

05. 12.2024

09:00

 

1

Ш. Коргонбаев

8.     

Кайтпас

05. 12.2024

11:00

Маданият үйү

23

Ш.Жороев

9.     

Бүргондү ПМК

05. 12.2024

11:00

Маданият үйү

1

А. Исмаилов

10.  

Ак-Тилек

05. 12.2024

13:00

Ак-Тилек №83 мектеби

1

М. Жороев

11.  

Бүргондү ОПХ

05. 12.2024

13:00

Ак-Тилек №83 мектеби

3

М. Жороев

12.  

Совет

05. 12.2024

15:00

Маданият үйү

11

А. Жусупов

13.  

Кожокорум

05. 12.2024

15:00

Маданият үйү

1

А. Жусупов

 

Жалпы

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                                            Мамарасул кызы Д