Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 193

 

Талас облусунун 80 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Манас Ордо комплексинде 12-13-октябрь күндөрү өтүлүүчү Талас облусунун 80 жылдык мааракесине айыл өкмөтүнүн атынан боз үй тигүүгө, сырттан келген конокторду сыйлоого ж.б. иш-чараларга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас Ордо комплексинде 12-13-октябрь күндөрү өтүлүүчү Талас облусунун 80 жылдык мааракесине айыл өкмөтүнүн атынан боз үй тигүүгө, сырттан келген конокторду сыйлоого ж.б. иш-чараларга керектелүүчү 170,0 (жүз жетимиш миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин социалдык иш-чаралар бөлүмүнөн бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.