Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 205

 

Каракол айыл аймагындагы жакынкы кыштоолорго (Аалы сарай, Жорголот, Орток, Кара-Коо өзөндөрүнө) мал суу ичүүчү кепташтарды салууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө

 

Каракол айыл аймагындагы жакынкы кыштоолорго (Аалы сарай, Жорголот, Орток, Кара-Коо өзөндөрүнө) мал суу ичүүчү кепташтардысалуугаТалас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол айыл аймагындагы жакынкы кыштоолорго (Аалы сарай, Жорголот, Орток, Кара-Коо өзөндөрүнө) мал суу ичүүчү 4 даана кепташсалуугаТалас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 2000,0 (эки миллион) сом болгон долбоор жазууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.