Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 206

 

Каракол айыл аймагындагы Үч-Эмчек айылындагы Сары-Булак (БСР) суу топтоочу жайын тазалоого Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө

 

Каракол айыл аймагындагы Үч-Эмчек айылындагы Сары-Булак (БСР) суу топтоочу жайын тазалоогоТалас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол айыл аймагындагы Үч-Эмчек айылындагы Сары-Булак (БСР) суу топтоочу жайын тазалоогоТалас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 1000,0 (бир миллион) сом болгон, долбоор жазууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.