Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 208

 

Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылындагы Таштанаалы көчөсүндөгү селден коргоочу дренажды тазалап ишке киргизүүгө Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө

 

Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылындагы Таштанаалы көчөсүндөгү селден коргоочу дренажды тазалап ишке киргизүүгөТалас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүүбоюнча депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылындагы Таштанаалы көчөсүндөгү селден коргоочу дренажды тазалап ишке киргизүүгөТалас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 3600000 ( үч миллион алты жүз миң) сом болгон, долбоор жазууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.