МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ
(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-февралы № 169
«Муниципалдык менчиктеги жер аянттары, муниципалдык жерлердин тизмеси, айыл чарба департаментине өткөн жерлер, ижара төлөмдөр боюнча маалымат»
Мады айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер аянттары, муниципалдык жерлердин тизмеси, айыл чарба департаментине өткөн жерлер, ижара төлөмдөр боюнча Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдумиталиповдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповдун берген маалыматы жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мады айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика жана айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |