Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 221

 

Көпүрө-Базар балдар бакчасына от казан сатып берүүгө жана тамак-аш жасоочу плитанын тенин алмаштырууга эркин каражат эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө

Көпүрө-Базар балдар бакчасына от казан сатып берүүгө жана тамак-аш жасоочу плитанын тенин алмаштырууга эркин каражат эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндөгү бала бакчанын жетекчисинин кайрылуусун жана бюджеттик комиссиянын сунушун талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көпүрө-Базар балдар бакчасына от казан сатып берүүгө жана тамак-аш жасоочу плитанын тенин алмаштырууга 730,0 (жети жүз отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.