Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 222

 

Арал жана Үч-Эмчек айылдарынын ортосундагы негизги трассага ат коюу жөнүндө

Арал айылынан Үч-Эмчек айылына чейинки негизги трассаны айыл тургуну ,кигбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиону маркум Сыдыгалиев Канатбек Омурбековичтин атынан атоо жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айылынан Үч-Эмчек айылына чейинки (Кара Молдо атындагы көчөсүнө чейинки аралык) негизги трасса Сыдыгалиев Канатбек Омурбекович атындагы көчө деп аталсын.

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысыК.Мамажановдон суралсын.

 

 

Төрага

 

Ф.К.Токушев.