Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ

(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 15-февралы № 173

 

«Мады айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө»

 

                Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентине ылайык Мады айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мады айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Бекитилген иш планды аткарууга алууну, анын аткарылышын камсыз кылуулуну айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын төрагаларына (төрайымга) тапшырылсын.

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин

төрагасы

 

Б.Мадазимов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын кезексиз

XXVII- сессиясынын 2024 –

жылдын 15-февраль №173

токтому менен бекитилди.

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-ЖЫЛГА ИШ ПЛАНЫ

№

Каралуучу маселенин түрү

Убактысы

Ким жооптуу

Эскертүү

1.

Мады айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл өкмөт башчысынын 2023-жылга аткарылган иштеринин абалы жана 2024-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү.  

2024-жыл январь

I-квартал

Бюджет боюнча туруктуу комиссия, ФЭБ башчы

 

2.

Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын 2024-жылга иш пландарын бекитүү.

Январь

2024-жыл

I-квартал

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, туруктуу комиссиялар

 

3.

Мады айыл аймагындагы дыйкан фермердик чарбалардын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктарынын абалы жөнүндө, айыл өкмөт башчынын жана айыл башчылардын маалыматы.

Март

2024-жыл

II-квартал

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

4

Туруктуу комиссиялардын аткарган иштери боюнча отчеттору

Квартал сайын

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

5

Мады айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн 6 айлыгынын аткарылышынын жыйынтыгын угуу.

III- квартал

2024-жыл

 

Айыл өкмөт башчысы ,

ФЭБ башчысы,

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

6

Айыл аймактагы калкты таза суу менен камсыз кылуусун жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууда Мады Суу байлыгы жана Мады тазалык МИ нин жана Жайыт комитетинин 2024-жылдын 6 айга аткарган иштери боюнча маалыматын угуу.

2024-жыл

III-квартал

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

Мады-Суу-байлыгы жана Мады Тазалык МИнин жетекчилери. Жайыт комитети

 

7

Айыл аймакты кылмыштуулукка, аракечтике, бангиликке, мал уурулука каршы алдын алуу жана жүргүзүлүп жаткан иштер, ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча Мады коомдук профилактикалык борбордун аймактык инспектордун жана айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуу.

III- квартал

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү. Аймактык инспекторлор, тиешелүү кызмат адамдар

 

8

Мады айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн 9 айлыгынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу.

IV-квартал  Октябрь

2024-жыл

Айыл өкмөт башчысы

 

9

Социалдык мекеме-уюмдардын кышка карата даярдыга жана отун-суу менен камсыз болуусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчылардын маалыматын угуу.

IV-квартал 

Октябрь

2024-жыл

Туруктуу комиссиялар.

Айыл өкмөт башчысынын орун басары.

Айыл башчылар

 

10

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы СПАнын жетекчиси жана Жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуу.

IV-квартал

2024-жыл

Жайыт жана СПАнын жетекчилери

 

11

Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-айынын бюджетин аткарылышы жөнүндө отчетун угуу

IV-квартал

2024-жыл

Айыл өкмөтү ФЭБ башчысы

 

 

12

Айылдык кеңештин 2024-жылга аткарган иштери боюнча төраганын жана бардык туруктуу комиссиялардын жетекчилеринин отчетторун угуу.

Декабрь

2024-жыл

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин төрагасы Б.Мадазимов

 

 

 

ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР

 

№

Иш чаранын мазмууну

Убактысы

Ким жооптуу

1.

Айылдык кеңештин депутаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тиешелүү мыйзамдар менен камсыздоо боюнча иш чараларды өткөрүү.

Ар бир айда

Айылдык кеңештин төрагасы. Орун басар

2.

Депутаттардын билим денгээлин жогорулатуу боюнча өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте окуу-семинарларды өткөрүү.

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрагасы.

Орун басары

3.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдынкы жетишкендиктерин, иш-тажрыйбалары боюнча өз ара кызматташууну уюштуруу.

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрагасы.

Орун басары.

4.

Айылдык кеңештин сессияларында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору.

 

Квартал сайын

Айылдык кеңештин төрагасы.

Орун басары.

5.

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү

Ар бир айда

Айылдык кеңештин төрагасы.

Орун басары. Туруктуу комиссия мүчөлөрү.

6.

Айыл аймагынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларынын аткарылышын көзөмөлдөө.

 

Ар бир айда

Айылдык кеңештин төрагасы.

7.

Бардык депутаттардын өздөрүнүн депутаттык жасаган иштери боюнча отчетторду даярдоо жана шайлоо округдарында шайлоочуларга отчет берүүнү практикалык иш-чараларды өткөрүү.

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрагасы.

Орун басары.

 

 

Мады айылдык кеңешинин төрагасы Б.Мадазимов

 

 

 

 

Мады  айылдык  кеңешинин

VII чакырылышынын кезексиз

XXVII- сессиясынын

2024 -жылдын 15-февраль

№ 173 токтому менен

бекитилди

 

 

Айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2024-жылга иш планы.

№

Каралуучу маселенин мазмууну

 

 

Убактысы

Ким жооптуу

Эскертүү

1

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга иш-планынын долбоорун талкулоо жана сессияда бекитүү, сунуштоо.

Январь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

2

Айыл аймагында 2024-жылдын жазгы талаачылык иштерине даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба техникалардын даярдыгы жана айылдар аралык каналдарды, ички арыктарды вегетациялык сугат мезгилине даярдоо.

I-квартал

Февраль

2024-жыл

Айыл өкмөт башчысы Туруктуу комиссия

 

3

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин талаптарына ылайык мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүнүн абалы жөнүндө.

I-II-квартал

2024-жыл

Айыл өкмөтүңүн алдында укук бузуулар боюнча түзүлгөн комиссия, жер адистери, жер боюнча А.Ктин туруктуу комиссиясы

 

4

Жайкы эгин жыйноонун жүрүшү, культувациялык эгиндерди өстүрүүдө дыйкандардын жер семирткич, күйүүчү майлар менен камсыз болушу тууралуу маалыматы алуу жана депутаттык туруктуу комиссиянын жыйналышында кароо.

Апрель

2024-жыл

Айыл өкмөт башчысы,

Жер адиси,

Айыл башчылар.

 

5

Мады айыл аймагында жеке үй куруу максатында арыз берип, кезекте турган жарандардын ар бир айылдар боюча маалымат алуу, депутаттык туруктуу комиссиянын жыйналышында кароо.

Июль

2024-жыл

III-квартал

 

Депутаттык туруктуу комиссия.

Айыл өкмөт

Жер адиси

Айыл башчылар

 

6

Кыргыз Республикасынын “Жайыт мыйзамынын” аткарылышын боюнча, айыл өкмөттүн алдындагы Жайыт комитетинин жасап жаткан иштерин жана жайыт комитеттин төрагасынын отчетун угуу, көзөмөлдөө.

III-квартал

2024-жыл

Депутаттык туруктуу комиссия. Жайыт комитети

 

 

 

7

 

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалыктарды жүргүзүү жана 3 айлык жарыялоонун жыйынтыгын угуу.

Жыл ичинде

Айыл өкмөт башчысы

Жер адиси Айыл башчылары.

 

8

Мады айыл аймагында жайгашкан муниципиалдык ишканалар, мекемелер жана айыл тургундарынын арасында жаратылышты коргоо, жерди пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча иш-чарларды уюштуруу.

Жыл ичинде 2024-жыл

Айыл өкмөт башчысы,

Айыл башчылар

 

9

Айыл чарба малдарынын жугуштуу ооруларына каршы алдын-алуу профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча ветеринардык кызматкерлердин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.

III-квартал

2024-жыл

 

Вет.кызматкер Жайыт комитети

 

10

Дыйкандардын күзгү талаачылыктын эгин жыйым-теримдеринин абалы, ошондой эле жерлерди күзгү айдоого даярдоону жүргүзүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат алуу жана депутаттык туруктуу комиссиянын жыйналышында кароо.

Сентябрь Октябрь

2024-жыл

Айыл өкмөт башчысы.

Жер адиси.

Айыл башчылар

 

11

Айыл аймагындагы муниципиалдык менчиктин эсеп–учетун тактоо реестерге киргизүүнүн жүрүшү, аны пайдалануу, тескөө боюнча аткаруу органынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

Октябрь

2024-жыл

Туруктуу комиссия.

Жер адистери Муниципиалдык менчик боюнча адис.

 

12

Туруктуу комиссиянын 2024-жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктоо, комиссиянын төрагасынын отчетун угуу жана кеңештин сессиясына сунуштоо. 2024-жылга иш-план түзүү, талкулоо, туруктуу комиссияда бекитүү.

Декабрь

2024-жыл

Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү.

 

 

ФПС жерлердин акцион маселесин кароо.

Декабрь

2024-жыл

IV-квартал

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

 

 

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы                                                                      Д.Каримов

Мады айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын

    кезексиз XXVII-

     сессиясынын

2024 - жылдын 15-февраль

№ 173 токтому менен

               бекитилди

 

Өнөр жай, курулуш, транспорт соода, байланыш энергетика боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылга кабыл алган иш планы.

№

Каралуучу маселенин мазмууну

 

 

Убактысы

Ким жооптуу

Эскертүү

1

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга иш-планынын долбоорун талкулоо жана сессияда бекитүү, сунуштоо.

Январь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

2

Айыл аймагындагы соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлардын, жүргүнчүлөрдү ташуу, кызмат көрсөтүү жана башка иш-аракеттерди аныктап тактоо жана алардын патентин төлөмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөө.

Жыл ичинде 2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

Салык кызматчлар

Айыл башчылар

 

 

3

Турак жай салуу үчүн ажыратылган жер участкаларына курулуп жаткан үйлөрдүн архитектуралык курулуш эрежелерин сактоо абалын, ошондой эле соода сатык үчүн курулуп жаткан курулуштардын азыркы талапка жооп беришин көзөмөлдөө.

II -квартал

2024-жыл

 

Туруктуу комиссиялар

Айыл өкмөтү

 

4

Айыл аймагындагы айылдардын, жаңы конуштардын курулуп жаткан үйлөрдүн абалы жана алардын архитектуралык пландарын сакталышы боюнча маалымат угуу көзөмөлдөө.

II, III квартал

2024-жыл

Депутаттык туруктуу комиссия

Жер адиси

Айыл башчылар

 

5

Айыл өкмөтүнүн экономикалык тармактарынын калктын 2023-2024-жылдарындагы күз-кыш мезгилине карата жылытуунун жүрүшү айыл аймагындагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

III квартал

2024-жыл

Август айы

Айыл өкмөтү, Туруктуу комиссиялар

 

6

 

 

Мады айыл аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып жыйноодо Мады Тазалык муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

IV-квартал

2024-жыл Октябрь айы

Айыл өкмөтү. Атайын туруктуу комиссия.

 

7

Мады айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканалардын техникаларынын абалы жөнүндө маалымат алуу.

IV-квартал

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

8

Туруктуу комиссиянын 2023-жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктоо, комиссиянын төрагасынын отчетун угуу жана кеңештин сессиясына сунуштоо

2025-жылга иш-план түзүү, талкулоо, туруктуу комисссияда бекитүү.

Декабрь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

 

 

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Осмонов

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын

кезексиз XXVII- сессиясынын

2024- жылдын 15-февраль

№ 173 токтому менен

                                                                                                 бекитилди

 

Инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу иштери боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2024-жылга иш планы

 

№

Каралуучу маселенин мазмууну

 

Убактысы

Ким жооптуу

Эскертүү

1

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга

иш-планынын долбоорун талкулоо жана сессияда бекитүү, сунуштоо.

Январь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

2

2024-жылга ички жана тышкы инвестиция тартуу боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин менен бирдикте иш пландарын иштеп чыгуу.

I- квартал   

2024-жыл

 

Туруктуу комиссия мүчөлөрү. Апарат кызматкерлери

 

3

Райондук, областык өнүктүрүү фондуна өткөн долбоорлорду кароо.

 

 

Март

Февраль

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

4

Айыл өкмөттүн аймагындагы ишкерлердин иштөө шартын салык, соц.фонд төлөмдөрүнүн төлөнүшү, аткарылып жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүнун маалыматын угуу.

 

Жыл ичинде 2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү. Апарат кызматкерлери

 

5

Муниципиалдык менчиктердин реестрин жүргүзүү, пайдалануу жана ички инвестиция тартуу боюнча айыл өкмөтүнүн комплекстүү иш планын угуу.

II- квартал

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү. Апарат кызматкерлери

 

6

Жеке ишкерлерди өнүктүрүү боюнча , айыл өкмөттун аймагындагы ишкерлер менен бирдикте аларды колдоо, арзан пайызда кредит алуу үчүн банк мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүү боюнча иш чараларды түзүү.

Жыл ичинде 2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү. Апарат кызматкерлери

 

7

Инвестиция, түрткү берүүчү гранттарды тартуу боюнча кичи жана чакан долбоорлорду жазуу үчүн өкмөттүк эмес коомдук уюмдар менен биргеликте депутаттарга, айыл өкмөт кызматкерлерине окуу-семинарларды өткөрүү.

Жыл ичинде 2024-жыл

 

Туруктуу комиссия мүчөлөрү. Апарат кызматкерлери

 

8

2024-жылы ички жана тышкы инвестицияларды тартуу, аткаруу органынын жасаган иштери боюнча жылдык отчет угуу.

Декабрь

2024-жыл

Айыл өкмөт башчы

 

9

Туруктуу комиссиянын 2024-жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктоо, комиссиянын төрагасынын отчетун угуу жана кеңештин сессиясына сунуштоо. 2025-жылга иш план түзүү, талкулоо, туруктуу комиссияда бекитүү.

Декабрь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

                                                             

 

 

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы М.Маткадыров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын кезексиз

XXVII- сессиясынын

2024 - жылдын 15-февраль

№173 токтому менен бекитилди

 

Социалдык маданий маселелер жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2024-жылга иш планы

№

Каралуучу маселенин мазмууну

 

Убактысы

Ким жооптуу

Эскертүү

1

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга иш-планынын долбоорун талкулоо жана сессияда бекитүү, сунуштоо.

Январь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

2

2024-жылга Мады айыл аймагындагы социалдык жактан жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жана инвалид жарандардын санын тактоо, абалы менен таанышуу, депутаттык туруктуу комиссиянын отурумунда кароо.

2024-жыл февраль айы

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү

Социалдык бөлүмү. Айыл башчылар

 

3

Мады айыл аймагындагы жаштарга максаттуу багыт берүүдө жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алар үчүн ар кандай спорттук иш чараларды, жолугушуу кечелерди уюштуруу, ишенбиликтерди өткөрүү.

2024-жыл

жыл ичинде

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү

ФЭБ бөлүмү

Айыл  башчылар

Жаштар уюмунун жетекчилери

 

4

Мады айыл аймагында жайгашкан мектептердин, бала бакчалардын, ФАПтардын жетекчилери, маданият тармагынын жетекчилери менен жолугушуу жана алардын 2024-жылда көмүрдүн чыгымдарынын лимит өлчөмдөрүн туруктуу комиссияда кароо, көзөмөлдөө.

2024-жыл

 май июнь айлары

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү

ФЭБ бөлүмү

Айыл  башчылар

 

 

5

Мады Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана бала бакчалардын балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын жана тамак ашка берилип жаткан акча каражатынын максаттуу пайдаланып жатканын карап чыгуу.

Жалпы айыл аймактагы мектептердеги жаш өспүрүмдөр арасындагы рекетчиликти болтурбоо жана алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

2024-жыл

II-квартал

 

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү.

Мектеп директорлору. Бала бакча башчылары

Аймактык инспектор.

 

 

6

Мады айыл аймагындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн 2022-2023- окуу жылындагы ЖРТ(ОРТ) тест жыйынтыгы боюнча маалымат алуу жана депутаттык туруктуу комиссияда кароо.

2024-жыл

Июнь айы

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү.

Социалдык бөлүм.

Айыл башчылар.

 

7

Айыл таланттарын колдоо, даталуу күндөрдө маданий иш-чараларды өткөрүүдө, улуттук каада-салттарды өркүндөтүүдө, жасалып жаткан иштери боюнча Айылдык маданият бөлүм башчысынын отчетун угуу.

2024-жыл июнь айы

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү.

Айылдык маданият бөлүмүнүн жетекчиси.

 

8

2023-2024-окуу жылдын аяктаганына байланыштуу жыл жыйынтыгын чыгаруу жана жаңы окуу жылга мектептердеги ремонт иштеринин жүрүшү боюнча маалымат алуу, депутаттык туруктуу комиссиянын жыйналышында кароо.

2024-жыл

май  айы жана август айы

 

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү

Мектеп жетекчилери

 

9

Мектептердин, бала бакчаларды, ооруканалардын ФАПтардын кышка даярдыктарын кароо жана жылуулук үчүн бөлүнгөн акча каражаттарды көзөмөлдөө.

2024-жыл

3-квартал

Сентябрь айы

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү, жетекчилери

 

10

Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, Согуштун жана эмгектин ардагерлерине, инвалиддерге, жакындан жардам көрсөтүү боюнча айыл өкмөттүн социалдык программасынын аткарылышы боюнча социалдык бөлүмдүн маалымат угуу.

2024-жыл

4-квартал Октябрь айы

 

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү. Социалдык бөлүмү

 

10

Китеп фондун көбөйтүү, китепканаларда окуучулардын катышуусун жогорулатуу, 2024-жылда иш-чаралардын аткарылышы боюнча айылдык китеп каналардын жетекчилердин маалыматын угуу.

2024-жыл

4-квартал Октябрь  айы

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү.

Айылдык китепкана башчылары

 

11

Дени сак улуттук программасы боюнча калктын саламаттыгын чыңдоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык жумуштарды жүргүзүүдө үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун ФАПтардын жетекчилеринин отчетторун комиссиянын отурумунда кароо.

2024-жыл

Жыл ичинде

 

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү.

СВА, ФАП тардын жетекчилери

 

12

Гендердик саясатты өнүктүрүү, аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөсүнө шарт түзүү, баатыр энелерге карата айыл өкмөтү тарабынан жасалып жаткан камкордуктардын аткарылышы, аялдардын эл аралык жана энелердин майрамына карата иш-чаралардын өтүүсүнүн жүрүшү боюнча Аялдар комитетинин төрайымынын отчетун угуу.

2024-жыл

4-квартал Ноябрь

 

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү. Аялдар комитети.

 

 

 

 

 

 

 

 

13

Туруктуу комисссиянын 2024-жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктоо, комиссиянын төрагасынын отчетун угуу жана кеңештин сессиясына сунуштоо.

2025-жылга иш план түзүү, талкулоо, туруктуу комиссияда бекитүү.

Декабрь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү.

 

 

 

 

 

Туруктуу комиссиянын төрайымы А.Абдыкадырова

 

 

Мады айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын кезексиз

XXVII- сессиясынын

2024 - жылдын 15-февраль

№ 173 токтому менен бекитилди

 

Финансы, бюджет жана экономика боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2024-жылга кабыл алынган иш планы

 

№

Каралуучу маселенин мазмууну

 

Убактысы

Ким жооптуу

Эскертүү

1

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга карата иш планынын долбоорунун талкулоо жана сессияга бекиттүү үчүн сунуштоо.

январь

2024-жыл

Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү

 

 

2024-жылга Жергиликтүү бюджеттин долбоору менен таанышуу, талкулоо, бекитүү.

2024-жыл

январь айы

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү.

ФЭБ бөлүмү

 

2

Айыл чарба багытындагы эмес жана айыл чарба багытындагы жерлерди жер өлчөмүн кайрадан өлчөп тактоо, учетто жок айыл чарба эмес багытындагы жерлерди жана кыймылсыз мүлктөрдү (I,II топтогу) мүлктөрдү тактап учетко киргизүү.

2024-жыл

ичинде

Салык кызматынын адистери туруктуу комиссия мучөлөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин адистери

 

3

Ар бир айдын финансы, бюджет жана экономика боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын отурумун өткөрүү.

Квартал сайын

ФЭБ башчысы, туруктуу комиссиянын мучөлөрү.

 

4

Мады айыл өкмөтүнүн муниципиалдык иш каналардын коллективи айыл тургундары менен салык жыйымдарынын түрлөрүн, салык жыйноонун мөөнөтү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү жер жерлерде жыйын өткөрүү.

2024-жыл квартал сайын

Айыл өкмөттун апараты,

айыл башчылар, туруктуу комиссия мучөлөрү

 

5

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндөрү, коомдук тамактануу жайлар, жүргүнчүлөрдү ташуу, кызмат көрсөтүүнү аныктап тактоо алардын патентинин төлөнүшүн көзөмөлдөө.

Жыл ичинде

Айыл өкмөттун апараты,

айыл башчылар,

туруктуу комиссия мүчөлөрү.

 

6

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы АЗС кирпич завод өз иштерин жүзөгө ашыруучу иш каналарды аныктоо жана алардын салык төлөмдөрүн көзөмөлдөө.

2024-жыл квартал сайын

Айыл башчылар, салык кызматынын адистери, туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

7

Жергиликтүү бюджеттин 6 айлык аткарылышын талкулоо жана сесссиянын кароосуна сунуштоо.

Июнь

2024-жыл

ФЭБ башчысы Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

8

Айыл өкмөттүн мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага иштетүүчү ижарачылар жана ижара акынын төлөнүшү боюнча маалымат алуу, аткарылышын көзөмөлдөө.

Июль

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү.

 

 

 

9

Мектептерде, балдар бакчасында кышка даярдык боюнча көмүрдүн чыгымдарынын өлчөмдөрүн лимит чектеп берүү, бөлүнгөн акча боюнча маалымат алуу жана көзөмөлдөө.

Август-Сентябрь 2024-жыл

ФЭБ башчысы, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү

 

10

Жайыт комитетинин жайыт пайдалануучулар жана жайыт төлөмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндө маалымат алуу.

Октябрь 2024-жыл

Жайыт комитети

 

11

Жергиликтүү бюджеттин 9 айлыгынын аткарылышын комиссиянын отурумунда талкулоо жана сессиянын кароосуна сунуштоо.

Октябрь 2024-жыл

Айыл өкмөттун апараты, ФЭБ башчылар,

туруктуу

комиссия

мүчөлөрү

 

12

Жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга долбоорун талкулоо жанан коомдук угууга, талкууга коюу боюнча айыл өкмөтүнүн адистери менен бирдикте иш чараларды иштеп чыгуу.

Декабрь 2024-жыл

Айыл өкмөттун апараты, ФЭБ башчылар,

туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

13

Жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражаттарынын максаттуу пайдаланышы боюнча социалдык обьектерде жүргүзүлүп жаткан иштерди депутаттык текшерүү иштеринин жыйынтыгын кароо.

Декабрь 2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

14

Туруктуу комиссиянын 2024-жыл ичинде аткарган иштерин комиссияда талкулоо жана сессияга отчет берүү үчүн материалдарды даярдоо.

Декабрь 2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

15

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга карата иш планынын долбоорун талкулоо жана сессияга бекитүү учүн сунуштоо.

Декабрь 2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

 

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Аматов

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин

VII чакырылышынын кезексиз

XXVII- сессиясынын

2024 - жылдын 15-февраль

№173 токтому менен бекитилди

 

Мыйзамдуулук, укук мандат тартипти чыңдоо кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын

2024-жылга иш планы

 

№

Каралуучу маселенин мазмууну

Убактысы

Ким жоопту

Эскертүү

 

 

1

Туруктуу комиссиянын 2024-жылга иш планын долбоорун талкулоо жана сессияда бекитүү үчүн сунуштоо.

Январь

2024-жыл

Туруктуу комиссия

мүчөлөрү

 

2

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндө мыйзамга ылайык депутаттык этика боюнча жобо иштеп чыгуу.

II-квартал

2024-жыл

Туруктуу комиссия

мүчөлөрү

 

 

3

Жер адисинин, Социалдык кызматкерлердин, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.

II- квартал

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

4

Айыл аймактагы айыл чарба багытында эмес жерлерди, кыймылсыз мүлктөрдү (I-II-III топтогу) аныктап тактоо, алардын мыйзам чегинде документештирүү боюнча иш чараларды уюштуруу.

Жыл ичинде

2024-жыл

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү

Айыл башчылар

 

5

Мады айыл аймагындагы тургундардан келип түшкөн билдирүү каттарын, арыздарын депутаттык туруктуу комиссияда кароо.

Жыл ичинде

2024-жыл

Депутаттык туруктуу комиссия мүчөлөрү

Айыл башчылар

 

6

Кылмыштуулукка,аракечтикке, бангиликке, мал урулукка каршы алдын-ала профилактикалык иштерди жүргүзүү, Мады коомдук профилактикалык борбордун жүргүзүп жаткан иштери боюнча участкалык инспектордун отчетун угуу.

II-квартал

2024-жыл

Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы

Аймактык инспекторлор.

 

7

Мады айыл аймагындагы мекеме ишканалардын квартал ичинде аткарган иштери жөнүндө.

III-кв. Август

2024-жыл

Туруктуу комиссия

 

8

Айылдык кеңештин сессиясына жана туруктуу комиссиялардын отурумдарына себепсиз катышпай жүргөн депутаттардын маселесин кароо.

IV-квартал 2024-жыл

Туруктуу комиссия төрагалары жана мүчөлөрү.

 

 

9

Туруктуу комиссиянын 2024-жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктоо, комиссиянын төрагасынын отчетун угуу жана кеңештин сессиясына сунуштоо.

2025-жылга иш-план түзүү, талкулоо, туруктуу комиссияда бекитүү.

Декабрь

2024-жыл

Туруктуу комиссия мүчөлөрү

 

 

Туруктуу комиссиянын төрагасы К.Темирбаев