Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ

(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 15-февралы № 174

 

«Мады Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024-жылга турмуш тиричилик катуу калдыктарын чогултуунун ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө»

 

                Мады айыл өкмөтүнө караштуу «Мады – Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдун айылдардан чыгып жаткан катуу тиричилик калдыктарын алып чыгууга болгон тарифин бекитүү боюнча билдирүүсүн угул талкуулап жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын II-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Мады айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мады айыл өкмөтүнө караштуу «Мады –Тазалык» муниципалдык ишканасынын айылдардан чыгып жаткан таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрүнүн бааларына төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

 

№

Мазмууну

1 айга (сом)

Кайдан каржыланат

1

Жеке үйлөр

150

Ар бир кожолук

2

Мектептер

500

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен

3

Бала бакчалар

500

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен

4

Азык-тулүк сатуучу дукөндөр

500

Дүкөндүн ээси

5

Коомдук тамактануучу жайлар

800

Кафе, чайхана ээлери

6

Навайканалар

200

Навайкана ээси

7

Мончолор

1000

Мончо ээси

8

Айыл аймагындагы жолдордун тазалыгын мактоо (Ош-Бишкек, Ош-Алай жолдору)

8000

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен

9

Тигүүчү цехтер

500

Тигүү цех ээси

10

Чачтарач

200

Ээси төлөйт

11

Аптекалар

200

Ээси төлөйт

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Мады айылдык кеңешинин

төрагасы

 

Б.Мадазимов