Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ

(VII ШАЙЛАНГАН) XXVII-СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 15-февралы № 175

 

«Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы Өжөр участкасынын жаңы конушундагы аты жок көчөгө Каликулов Ысмаилдин ысымын коюу жөнүндө»

 

               Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын тургуну Ысмаил уулу Даниярдын арызынын жана протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы Өжөр участкасынын жаңы конушундагы аты жок көчөгө Каликулов Ысмаилдин ысымы ыйгарылсын.

2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Социализм айылынын Өжөр участкасындагы Каликулов Ысмаил атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Каликулов Ысмаилдин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Мады айылдык кеңешинин

төрагасы

 

Б.Мадазимов