АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 2
“Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн Кара-Коюн кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №554 “Жергилликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби” жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорун Акназаров айыл аймагында ишке ашыруу максатында Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 28-августундагы кезектеги 4-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун маалыматын угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №554 “Жергилликтүү маанидеги микрокоруктарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн жана алардын иштешинин тартиби” жөнүндө токтомуна ылайык “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Кара-Коюн“ кичи коругунун демилгелүү тобунун иш планы бекитилсин.
2. Кара-Коюн кичи коругунун инфратүзумүн өнүктүрүү боюнча түзүлгөң иш планы Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүктүрүү планына (ПСЭР) киргизилсин.
3. Токтомдун ктарылышын камсыз кылуу “Кара-Коюн” кичи коругунун демилгелүү тобунун башчысы К.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго тапшырылсын.
Төрага |
| К.Жорготаев. |
Кара-Коюн кичи коругунун туруктуу өнүгүүсү үчүн жасалуучу биотехникалык кадамдардын/иш-чаралардын планы (2024-2026-жж)
Кара-Коюн кичи коругу- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл аймагында жайгашкан. Кичи коруктун өзгөчөлүгү, уникалдуу үңкүр, жарганаттардын колониясы, кирпичечендин байырлашы болуп саналат. Корук калкттуу пунктан 15 км түштүк тарапта Кара-Коюн капчыгайында жайгашкан. Биоартүрдүүлүгү бай, эндемикалык өсүмдүктөр өскөн аймак.
Кичи коруктун 3 жылдык иш-планында төмөндөгүдөй үчтөн негизги приоритеттерди койдук.
2024-жыл.
Кара-Коюн кичи коругуна жакын жайгашкан айылдын тургундарына, мектеп окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат кампанияларды өткөрүү, коруктун маанилүүлүгүн ар бир жаранга жеткирүү
ТалМУнун табият таануу факультети, Мектептин биология, география мугалимдерине окуучуларга предмет менен тааныштыруучу аймакка айлантуу
Коруктун айланасына маалымат тактасын орнотуу
2025-жыл.
Илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында жаз айларында Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы менен кызматташып, адистерин алып келип жеринде тааныштыруу
Адистердин сунуштаган корутундусуна ылайык пландарды иштеп чыгуу
Коруктун сыйымдуулугу боюнча методологиясын иштеп чыгуу
Үңкүр-Фест фестивалынын алкагында Кара-Коюн кичи коругу тууралуу маалымат берүү
2026-жыл.
Айыл тургундары менен биргеликте фотокапкандарды орнотуу