Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз_____-сессиясы

2024-жылдын 13-сентябры №31

 

Жергиликтүү салыктар жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынан 2024-жылдын 6-сентябрындагы №01-3/362 сандуу катынын негизинде Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеӊеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге Салык Кодексинин 398-беренесинин 3,4–пунктуна жана 404–беренесинин 4–пунктуна ылайык, Кыргызстан айыл аймагы боюнча мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти (Кз) өзгөртүүсүз калтырылсын:

 

2. Токтомдун аткарылышын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Белековага  токтомдун негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.Оморов