Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин IXчакырылыштагы кезектеги I сессиясынын

2024-жылдын 29-ноябры №2/1-9

 

Төраганын орун басары А. Курамаев жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 41-беренесинин 1-2-пункттарына ылайык карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык кенешинин “Эл үмүтү” фракциясынан депутат А.Курамаев Депутаттардын Талас шаардык кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Р.Байгараев