Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин IXчакырылыштагы кезектеги I сессиясынын

2024-жылдын 29-ноябры №4/1-9

 

Өкүлчүлүктүү коомдоштуктардын Элдик курултайын чакыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгы жана Элдик курултайдын улуттук кенешинин 16.12.2023-жылдагы №16 сандуу “Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 25.11.2024-жылдагы №01-19/3549 сандуу катынын негизинде, Талас шаарында коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин чон залында саат 10.00до өткөрүлсүн.

 

2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын көрсөтүү нормасы шаардын жашоочуларынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылууну өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Р.Байгараев

 

 

1-тиркеме

 

Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:

1

К.Джаныбеков-

жумушчу топтун төрагасы

2

Б.Батырбекова-

жумушчу топтун катчысы

3

А.Сариева-

“Бирге-Вместе” фракц. депутат, ж.т.мүчөсү

4

А.Нартаева-

“Аманат” фракц. депутат, ж.т.мүчөсү

5

Акын у. Мухтарбек-

“Эл үмүтү”фракц.депутат, ж.т.мүчөсү

6

Б.Авазбеков-

“Ынтымак”фракц.депутат, ж.т.мүчөсү

7

Н.Сатыбеков-

“Жаны Кыргызстан”фракц.депутат,ж.т.мүчөсү

8

Т.Уметалиев-

Аксакалдар кенешинин төрагасы, ж.т. мүчөсү

9

О.Маймурунов-

АКӨАБсу, жумушчу топтун мүчөсү

10

Г.Избасарова-

“Элназ” коомдук уюму, ж.т.мүчөсү

11

А.Дыйканбаева-

Талас ш. мэриясынын башкы адиси,ж.т.мүчөсү

Жооптуу катчы

 

 А.Сариева

 

 

2-тиркеме

 

Кезектеги III Элдик Курултайдын 700 делегатынын квоталарга бөлүнүшү

Облустук маанидеги шаарлар - 14

№

Шаарлардын категориялары, айыл аймактарынын аталышы жана калктын саны боюнча бөлүнүшү

Административдик-аймактык бирдиктердин саны

Аймактык бирдиктерден делегаттардын саны

Делегаттардын жалпы саны

1

Калктын саны 30 000 адамга чейин

5

2

10

2

Калктын саны 30 001ден 70 000 адамга чейин

6

3

18

3

Калктын саны  70 001ден 100 000 адамга чейин

2

4

8

4

Калктын саны   100 000 адамдан ашык

1

6

6

 

Бардыгы

 

 

42

Жооптуу катчы

 

А.Сариева

 

 

3-тиркеме

Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча

2024-жылдын 4-5-декабрында өтө турган жергиликтүү жамааттын чогулуштары жана жыйындарынын графиги

№

Делегаттарды шайлоо боюнча аймактык бөлүк

Жыйынды өткөрүү орду

Күнү

Убактысы

Делегаттар

дын саны

1.

Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүнөн батыш тарабына карай

Талас шаарындагы №5 орто мектеби

04.12.2024

 

16:00

 

 

 

100

 

 

2.

Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүнөн чыгыш тарабына карай

 

Талас шаарындагы С.Абдуллаев ат. №6 орто мектеби 

05.12.2024

16:00

 

 

 

100

 

 

Жооптуу катчы

 

А.Сариева