Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясынын

2024-жылдын 26-ноябры №3

 

Элдик Курултай жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги ΙΙΙ Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык, Семетей айылдык кеңешинин депутаттары өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрүн дайындоо жана жыйындарды өткөрүүнүн графигин бекитүү боюнча талкууга салып айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кезектеги ΙΙΙ Элдик Курултайдын делегаттарын айыл аймактарынан, шаарлардан шайлоонун тартиби жөнүндөгү 2-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде, Жумушчу топтун курамын, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн дайындоо боюнча айылдык кеңештин комиссия курамы түзүлсүн:

• комиссия төрагасы Т.Джапаркулов

• комиссия катчысы А.Сарыбаева

мүчөлөрү:

• Айылдык кеңештин депутаты А.Алтымышбаева

• Айылдык кеңештин депутаты Ж.Джаназакова

• Айылдык кеңештин депутаты Ж.Жаманкараева

• Айылдык кеңештин депутаты С.Калмагаметов

• Айылдык кеңештин депутаты Р.Ажакматова

• Айыл аксакалдар сотунун мүчөсү К.Такеев

• Айыл башчы К.Суюмбаев

 

2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү график боюнча бекитилсин. (тиркелет)

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов

 

 

 

Семетей айыл аймагынын тургундарынын

жыйындарын/чогулуштарын

өткөрүү боюнча графиги

 

№

Айылдын аталышы

Күнү

Сааты

1

Кайыңды

4.12.2024

10.00-11.00

2

Арал

4.12.2024

11.30-12.30

3

Чеч-Дөбө

4.12.2024

13.00-14.00

4

Сөгөт

4.12.2024

14.30-15.30

5

Кара-Арча

4.12.2024

16.00-17.00

 

 

 

 

1

Бала-Саруу

5.12.2024

10.00-11.00

2

Жайылган

5.12.2024

11.30-12.30

3

Покровка (бугор)

5.12.2024

13.00-14.00

4

Покровка (индом)

5.12.2024

14.30-15.30

5

Покровка (НСШ)

5.12.2024

16.00-17.00

 

 

 

 

 

 

 

Семетей айыл аймагынын Элдик Курултайдын

делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү  жыйындын

өткөрүү боюнча графиги

 

№

Айылдын аталышы

Күнү

Сааты

1

Покровка а

(Маданият үйү)

7.12.2024

14:00