Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы 

2024-жылдын 23-апрелиндеги № 1

«Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чек-Абад айыл аймагынын административдик чекарасынын схематикалык картасын беркитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Колдошов Жээнбек Исламовичтин баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып,Чек-Абад айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чек-Абад айыл аймагынын «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чек-Абад айыл аймагынын административдик чекарасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чекара баяндамасына макулдук берилсин.

2.Араван райондук малекеттик администрациясына «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чек-Абад айыл аймагынын административдик чекарасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чекара баяндамасын бекитүү жөнүндө сунуш берилсин.

3.Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык Кеңешини төрагасына схематикалык картага кол коюсу тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык кеңеш төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

И. Тавалдиев