ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы
2024-жылдын 23-апрелиндеги № 2
Чек-Абад айыл өкмотүнүн аймагындагы 0,70 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан жалпы билим берүү обьектилерин жерлери категориясына трансформациялоо макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл өкмөтүнүн жер адиси Д.Давидовтун баяндамасын угуп жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып ,Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмотүнүн Аграном айылынын №153-контурундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун 0,70 га сугат айдоо жер аянтына мектеп куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жалпы билим берүү обьектилерин жерлери категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнө “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан жалпы билим берүү обьектилерин жерлери категориясына трансформацияланып жаткан 0,70 га сугат айдоо жердин категориясын өзгөртүү менен байланышкан документтерди даярдоо жер адиси Д.Давидовко тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.И.Колдошовго милдеттендирилсин.
Төрага: | И. Тавалдиев |