Редакцияот 04.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин кезектеги экинчи сессиясы

 

2024-жылдын 4-декабры  №7

 

  Көк-Жар айылындагы “Өмүраалы дамбылда” мечитин Нарын облустук казыяттын балансына өткөрүү жөнүндө

 

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Д. Абдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Көк-Жар айылындагы Токтомуратов №4/1 көчөсүндөгү жаңы салынган “Өмүраалы дамбылда” атындагы мечитин Нарын облустук казыятынын балансына мечиттин имаратын жери менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.     Бул токтомдун аткарылышан көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрайым:

 

Г. Бегимкулова