Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры № 1/2

Тилектеш айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Тилектеш айылдык кеңеши Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Тилектеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3 протоколу бекитилсин.

2. Алмазбек уулу Бекмырза айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын. 

 

 

Төрага:

К. Төрөшев