Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 1

Эсептөө комиссиясынын Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча №3-протоколун бекитүү жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү Регламентин жетекчиликке алып, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Эсептөө комиссиясынын Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3 протоколу бекитилсин.

2. Кудайбергенов Абазбек Төлөнович Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Н. Назарбаев