Редакцияот 06.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жылдын 06-декабры № 7

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №17 Кызыл-Алай орто мектебинин жылуулук отказанын көмүргө өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордун өздүк салымы жөнүндө

 

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №17 Кызыл-Алай орто мектебинин жылуулук отказанын көмүргө өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №17 Кызыл-Алай орто мектебинин жылуулук отказанын көмүргө өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 9 190 793 сом долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымынын 50 пайыздык 4 595 396 сом өздүк салымы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.

 

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А. Кудайбергенов