Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны

2024-жылдын 26-ноябры № 1/3                                 

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешиин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 26-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.

 

2. № 4 - 8 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунун депутаты Абазбек уулу Шайлообек Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

А. Мойдунов