Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны

2024-жылдын 26-ноябры № 1/4                                 

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 30-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу депутаттардын Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 бөлүмдөн турган регламенти типтүү регламентти негизге алып өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүү менен жаңы редакцияда кабыл алынсын.

 

2.Кабыл алынган Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши, анын туруктуу комиссиялары, айылдык Кеңешинин депутаттары, аппараты тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

 

 

Төрага:

А. Мойдунов