Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны

2024-жылдын 26-ноябры № 1/5                                 

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын иш-пландарын бекитүү жөнүндө

 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VIII чакырылыштагы)  I уюштуруу сессиясынын 26.11.2024-жылдагы № 1/2 токтому менен бекитилген Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңештин регламентинин 2-главасынын 2.2-беренесине ылайык айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Осмоналиевдин айылдык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялары жана алардын иш-пландары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдында төмөндөгүдөй аталыштагы туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана алардын курамы, иш-пландары бекитилсин:

а) Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы:

-Абдимажит уулу Осмон – мүчөсү,

-Туташова Нургүл– мүчөсү,

-Гулам кызы Нургүл – мүчөсү.

-Ураймова Клара –мүчөсү.

 

б) Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясы:

-Райымбердиева Сьюта– мүчөсү,

-Дүйшембиев Темирбек– мүчөсү,

-Ысмаилова Гүлнура – мүчөсү,

-Дыйканов Салмоорбек-мүчөсү.

 

в) Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы:

-Исабаев Мелис– мүчөсү,

-Оморакунова Гүлмира –мүчөсү,

-Шүкоев Бактыбек –мүчөсү,

-Айткулов Бейшенаали– мүчөсү.

 

г) Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы:

-Айтбаев Нурланбек– мүчөсү,

-Мидинов Таалайбек – мүчөсү,

-Эшейбай уулу Айбек– мүчөсү,

-Кадыркулов Абдырасул– мүчөсү,

-Райымкулов Марс – мүчөсү,

-Ормонова Асилбү – мүчөсү.

-Жорубаева Сулуукан – мүчөсү.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Абазбек уулу Шайлообекке тапшырылсын.

Төрага:

А. Мойдунов