Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин I уюштуруу сессиясынын жыйыны

2024-жылдын 26-ноябры № 1/6                                 

2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айыл аймагында боло турган жыйындардын графигин, жумушчу комиссиянын курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2- “Элдик Курултайдын укуктук статусу жөнүндө” бөлүгүн, Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 16 чечимин жетекчиликке алып Ылай-Талаа аймагынын айылдык   Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

I. Ылай-Талаа айыл  аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга катыша турган өкүлдөрдүн төмөндөгү сандык курамы бекитилсин:

 

1. Ылай-Талаа айылынан – 35 өкүл,

2. Токбай-Талаа айылынан – 25 өкүл,

2. Сай айылынан – 10 өкүл,

3. Шаркыратма айылынан – 5 өкүл,

4. Жылкол айылынан – 5 өкүл,

5. Сары-Таш айылынан – 5 өкүл,

6. Орто-Талаа айылынан – 5 өкүл,

7. Буйга айылынан – 5 өкүл,

8. Беш-Кемпир айылынан – 5 өкүл.

    Жалпы: 100 өкүл.

 

II. Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин  (№ 1 тиркеме тиркелет).

 

III. Жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).

 

IV. Бул токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А. Мойдунов

 

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26.11.2024-жылдагы № 1/6 токтомуна № 1 тиркеме

Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо тууралуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы:

 

1.Мойдунов Абдумалик Сатарович -- Ылай-Талаа айылдык кенешинин төрагасы, жумушчу комиссиянын төрагасы;

 

2.Осмоналиев Сулайман Калилжанович – Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу комиссиянын катчысы;

 

3.Эшейбай уулу Айбек – № 2 – 5 мандаттуу Ылай-Талаа шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

4.Мидинов Таалайбек Абдуракманович – № 1 – 5 мандаттуу Каманчы шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

5.Асанов Жамшитбек Асанович – ардагерлер кеңешинин төрагасы, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

6.Жорубаева Сулуукан Токтобековна– аялдар кеңешинин төрайымы, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

7.Шүкоев Бактыбек – № 4 – 8 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

8.Райымкулов Марс Камчыбекович – № 3 – 3 мандаттуу Сай шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

9.Ысмаилова Гүлмира Тойкуловна - № 4 – 8 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан депутат, жумушчу комиссиянын мүчөсү;

 

 

Жооптуу катчы:

С. Осмоналиев

 

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26.11.2024-жылдагы № 1/6 токтомуна № 2 тиркеме

 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ                                                                          БЕКИТИЛДИ:

 

Ылай-Талаа айыл аймагынын                                                Ылай-Талаа айыл аймагынын

айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                     айылдык Кеңешинин төрагасы:

___________Б.Эргешбаев                                                       _______   А.Мойдунов

 

 

 

Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн

 

ГРАФИГИ

 

№

Айылдардын аталышы

Күнү, убактысы

Өтө турган жери

Жооптуу кызматкерлер

Эскертүү

1

Сай

4-декабрь, 12-00

М.Баатыров мектебинде

А.Сыдыков,

К.Абдыраимова

 

2

Шаркыратма

5-декабрь, 12-00

Ж.Айтбаев мектебинде

Б.Майлыбашов, Ж.Жалил уулу

 

3

Жылкол

5-декабрь, 12-00

Ж.Ибраимов мектебинде

К.Исаков,

Т.Адыкова

 

4

Сары-Таш

5-декабрь, 12-00

Айылдагы мечиттин жаны

А.Саткынбаев,

 

 

5

Токбай-Талаа

4-декабрь, 12-00

Айылдагы мечиттин жаны

К.Эргешов

 

 

6

Орто-Талаа

4-декабрь, 12-00

Айылдагы Намазкананын жаны

М.Сарыбаев

 

7

Буйга

4-декабрь, 12-00

Айылдагы мечиттин жаны

Т.Мырзакматов

 

 

8

Беш-Кемпир

5-декабрь, 12-00

Ж.Абидинов мектебинде

Т.Мырзакматов

Т.Абдыкадыров

 

9

Ылай-Талаа, бөлүмдөрдө

4-декабрь, 12-00

Айылдагы жамааттын мечиттеринин жаны

Б.Майлыбашов, К.Исаков, Т.Саткынбаев

 

 

 

 

 

 

 

5

Ылай-Талаа

7-декабрь, 10-00

К.Ташбаев атындагы айылдык клубда

К.Исаков,

Б.Саипова

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

С. Осмоналиев