Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын жыйыны

2024-жылдын 13-сентябры № 6/8                                

Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылына коюла турган LED экранды алууга Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылына коюла турган LED экранды алуу үчүн Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин эсебинен 143 990 ( бир жүз кырк бир миң тогуз жүз токсон ) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.

 

2. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

А. Кадыркулов