Редакцияот 05.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылынын 5-апрели №12

 

«Айыл чарба техникаларынын жана жайыт акысын бекитүү жөнүндө».

 

Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ө. Сатаровтун элдик жыйналыштын негизинде сунушталган айыл аймагы боюнча айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акысын жана жайыт акысын бекитүү жөнүндө сунушун жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы чыгарган чечимин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1.Айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.

- 1-га жер аянтын айдоо ( дың жер бузуу) -6500 сом

- 1-га айдалган жерге (айдоо жерлер) - 4500 сом

- 1-га жерге агент тартууга – 2500 сом

- 1-га жерге мала тартууга - 1500 сом

- 1-га жерин чөбүн чабууга - 3500 сом

- 1-га жердин чөбүн чогултууга (грабилдүүгө) -1500 сом

- чөп таңгактоого (пресс кылууга ) - 25 сом,

- чөп ташуу кызмат акысы аралыкка жараша – 500 сомдон 1500 сомго чейин

 

2. Малдарга болгон бада акысы төмөндөгүдөй белгиленсин ( жайыт акысы ичинде) :

- бир баш бодо малга (субай) – 600 сом, туз менен камсыздоо ичинде,

- бир баш музоолуу уйга – 800 сом,

- бир баш кой – эчкиге – 120 сом, туз менен камсыздоо ичинде.

 

3, Бадачыларды жана өздүк малдарын кармоочу тургундарга жайытка көчүү графиги

төмөндөгүдөй бекитилсин.

- жайытка көчүп кетүү мезгили – 15-апрель

- жайыттан көчүп келүү мезгили – 1 октябрь

4.Жайыттан эгинге түшкөн малдар боюнча айыл аймагында укук бузуулар кодексинин негизинде комиссия түзүлүп, мал ээлерине айып пул салуу жагы колго алынсын.

Эгинге түшкөн малдарга төмөндөгүдөй айып пулу бекитилсин.

-        1 баш жылкы жана бодо малга – 500 сом.

-        1 баш кой – эчкиге – 200 сом.

5.Айыл аймагында бекитилген бааны кармап иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.О. Сатаровко жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

7.Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.

 

          8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.