Редакцияот 05.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылынын 5-апрели №13

 

«Жайыт комитетинин сунушун кароо жөнүнд».

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин билдирүүсүнүн негизинде сунушталган айыл аймагы боюнча жакынкы, орто жана алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча сунушун жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы чыгарган чечимин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1.    Айыл аймагы боюнча жайыттарды туура жана деградациядан сактоо максатында жакынкы, орто жана алыскы жайыттары төмөндөгүдөй пайдаланылсын:

- жакынкы жайыттар 15-апрелден -15-майга чейин

- орто жана алыскы жайыттар 15-майдан – октябрь айына чейин пайдаланылсын

 

2.    Бада багуучулар 15 – майдан баштап алыскы жайыттарга, ал эми өздүк малы менен чыккан жарандарга дагы 15-майдан баштап орто жайыттарга көчүрүү жагы каралсын.

3.    Жазгы жана күзгү мезгилдердеги кароолдорго айлык катары 80 000 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы жактырылсын.

4.    Кабыл алынган токтомду ишке ашыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.О. Сатаровко, айыл чарба иштери боюнча айыл аймагынын башкы адиси Ө.Т. Төрөкуловко, жайыт комитетине жана тиешелүү айыл башчыларына милдеттендирилсин.

5.    Бул токтомдун ишке аткарылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.    Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.

7.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.