Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-декабры № 2024-П-09/67-2-(БС)
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-мартындагы № 2025-П-09/11-4-(БС) , 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтомунун эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча талаптары коммерциялык банктар үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин токтотулсун.
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-мартындагы № 2025-П-09/11-4-(БС) , 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. 2026-жылдын 1-мартына чейин коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын башка нак жана/же нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-мартындагы № 2025-П-09/11-4-(БС) , 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Коммерциялык банктар эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүзөгө ашырууда:
- эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча операциянын суммасына барабар көлөмдө нак жана/же нак эмес АКШ долларларынын банк-контрагенттин комиссиясынын суммасын эсепке алуусуз Кыргыз Республикасына кайтарылышын камсыз кылсын;
- эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүндүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сакташсын;
- эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көрсөтүлгөн операция жана Кыргыз Республикасына келип түшкөн нак жана/же нак эмес АКШ долларлары тууралуу маалымат (отчёт) беришсин.
4. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 2024-П-09/27-6-(БС) токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 2024-П-09/30-1-(БС) токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтому.
5. Токтом расмий жарыяланууга тийиш, ал 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2026-жылдын 1-мартына чейин колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-мартындагы № 2025-П-09/11-4-(БС) , 2025-жылдын 27-августундагы № 2025-П-09/43-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)