ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 5-апрели №15
« Комиссия курамын түзүү боюнча ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык ишканага жайыт комитетине, СПАга тиешелүү айыл чарба техникаларын жана башка тиешелүү инвентарларды өткөрүп берүү жөнүндө муниципалдык ишкананын жетекчиси М. Нуржакыповтун сунушун угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Эки айыл өкмөтүнүн кошулгандыгына байланыштуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык ишканага жайыт пайдалануучуларга жана суу пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү айыл чарба техникаларды жана башка инвентарларды өткөрүп алуу боюнча депутаттардын сунушунун негизинде өткөрүп алуу комиссиясын түзүү колго алынсын.
2. Өткөрүп алуу боюнча эки айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана депутаттарынын арасынан төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн:
- М. Нуржакыпов – муниципиалдык ишкананын жетекчиси, комиссия төрагасы
- Л.Жунусова – айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери, комиссия катчысы
комиссия мүчөлөрү:
- С.Орозбеков – Ничке-Сай, Чоргочу, Бууракан айылынын айыл башчысы
- Ж. Өскөнбаев – ишкананын инженери,
- М. Бердигулов – ишкананын бухгалтери,
- Ө. Төрөкулов – айыл чарба иштери боюнча башкы адис,
- С. Тыналиев – Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жетекчиси,
- К.Смадярова – айылдык кеңештин депутаты,
- С. Бекмуратов – айылдык кеңештин депутаты,
- Т. Эрмекбаев – айылдык кеңештин депутаты,
- Г.Карабекова – айыл өкмөтүнүн материалдык бухгалтери
3. Түзүлгөн комиссияга мыйзам чегинде иш-кагаздарын ырастоо менен өткөрүп алуу
жана өткөрүп берүү актыларын укук ченемдүү кылуу жагы тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтомду ишке ашыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.О Сатаровко, муниципалдык ишкана жеткечиси М. Нуржакыповко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |