ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 5-апрели №17
« Муниципиалдык ишкананын жетекчиси М.Нуржакыповдун сунушун кароо жөнүндө».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын жетекчиси М. Нуржакыповтун айыл жашоочуларынын суроо-талабын канаттандыруу максатында каръер ачууга жер бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Муниципалдык ишкана жетекчиси М. Нуржакыповтун сунушу негизинен колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык ишканага каръер ачууга уруксат берилсин , ага тиешелүү иш кагаздарын тактап жана мамлекеттик каттоодон өткөрүп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.О.Сатаровко жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык ишкана жетекчиси М. Нуржакыповко тиешелүү иш кагаздары бүткөндөн кийин мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |