Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылынын 5-апрели №18

 

« “Ак-Бейт” участкасынын тургуну А.Абакуловдун жер багытын өзгөртүп берүү боюнча сунушун кароо жөнүндө ».

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу “Ак-Бейит” участкасынын тургуну А. Абакуловтун жер багытын өзгөртүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

  1. А. Абакуловтун өздөштүрүлгөн жердин багытын өзгөртүп берүү сунушу кабыл алынсын.

 

  1. Ак-Бейит участкасынын тургуну А. Абакуловдун 12 га жерге бак тигип өздөштүрүлгөндүгү эске алынып, жер багытын бак тигүү багытына өзгөртүп тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ш. Ажыкуловко милдеттендирилсин.

 

  1. А. Абакуловко өздөштүрүлгөн жердин асылдуулугун артырып мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун ишке ашырылышына контролдук кылуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтомду контролдоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.