Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 771 токтомуна)

 

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ

1. Киришүү

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүүнүн ушул концепциясы (мындан ары - Концепция) ыктыярчылык ишти илгерилетүү жана өнүктүрүү, ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды колдоо жана алардын потенциалын жогорулатуу боюнча мамлекеттин негизги багыттарын, максаттарын, милдеттерин аныктаган документ болуп саналат.

Ыктыярчылык инсандын өзүн-өзү ишке ашыруунун, гуманизмдин, жарандык активдүүлүктүн көрүнүшүнүн социалдык маанилүү формасы болуп саналат, социалдык чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн жана жаратман демилгени камсыз кылат. Ыктыярчылык коомду өнүктүрүүнүн, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, калкты социалдык колдоо, дене тарбия жана спорт, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу сыяктуу жана бир катар ушул сыяктуу чөйрөлөрдөгү социалдык маселелерди чечүүнүн маанилүү фактору жана ресурсу болуп саналат.

Ыктыярчылык адамдын тынчтыкка, эркиндикке, коопсуздукка, адилеттүүлүккө жетүүгө жана курактык, гендердик, диний, социалдык, экономикалык жана башка эч кандай чектөөлөрсүз бардык адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга болгон умтулуусун ишке ашырат.

Коомдо ыктыярчылыктын жардамы менен жакынына кам көрүү, коом үчүн акы албастан кызмат кылуу сыяктуу адамдык баалуулуктар колдоого алынат жана бекемделет, коомчулуктарда дени сак социалдык-пайдалуу байланыштар белгиленет. Жаштардын жана башка социалдык топтордун өлкөнүн экономикалык, маданий, социалдык жана коомдук турмушуна катышуу механизмдеринин бири катары ыктыярчылык ишти өнүктүрүү керек.

Ыктыярчылык жыл сайын Кыргызстандын калкынын арасында кеңири популярдуулукка ээ болууда. Акыркы жылдардагы окуялар ыктыярчылык иш адамдардын өлкөнүн коомдук турмушуна катышуусунун популярдуу формаларынын бири болуп саналарын көрсөтөт.

1985-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 40-сессиясында 5-декабрды Ыктыярчылардын эл аралык күнү деп тааныган резолюция кабыл алынган, бул дүйнөлүк коомчулуктун назарын ыктыярчылык кыймылдын дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоосундагы маанилүү ролуна бурду.

2. Учурдагы кырдаалга сереп

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишке катышкан жарандардын жана уюмдардын саны туруктуу өсүп жатканы байкалууда, алар ишке ашырып жаткан программалардын жана долбоорлордун масштабы кеңейүүдө, иштин ар түрдүү чөйрөлөрүндө ыктыярчылардын өзүн-өзү уюштуруусу жүрүүдө.

2022-жылы жүргүзүлгөн "Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубатчылык индекси" улуттук изилдөөсүнө ылайык акыркы жылдары жаштардын Кыргызстанда да, дүйнөдө да коомдук-саясий активдүүлүгүнүн төмөндөшү байкалууда. Жаштар алардын үнү этибарга алынбастыгын жана саясий катышуу үчүн аларда ресурстар же компетенциялар жок экендигин сезип, салттуу саясий процесстерге катышпоону туура көрөт. Мунун ордуна алар жарандык катышуунун альтернативалык формаларын тандайт, алардын бири - ыктыярчылык иш болуп саналат.

Изилдөө көрсөткөндөй, ыктыярчыларды тарткан уюмдардын 33%ын 14-18 жаш курактагы окуучулар, 22%ын 19-24 жаштагы жаштар түзөт. Ошондой эле 25-35 жаш курактан жогору адамдарды тарткан уюмдар бар.

Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери ыктыярчылыкты өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган чараларды аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жарандык катышууга түрткү берүү, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишине дем берүү, жарандардын жана бизнестин социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу, ыктыярчылык кыймылды колдоо максатында мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кризистик шартта бүтүндөй коомдун аракеттерин консолидациялоонун маанилүүлүгүн түшүнүү, бул багыттарды өнүктүрүүнүн дем берүүчү механизмдерин кароо менен ыктыярчылардын жана кайрымдуулук уюмдарынын ишин мыйзамдуу бекемдөө зарылдыгын карайт.

Көп тилдүүлүктүн, жаштардын керектөөлөрүн жана эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен кесиптик жана санариптик көндүмдөрдү, квалификацияны жана компетенцияларды өнүктүрүүнүн негизинде жаштар лидерлерин колдоонун атайын программаларын киргизүү зарыл. Ошондой эле жаштардын ыктыярчылык кыймылдарын өнүктүрүү артыкчылыкка ээ болууга тийиш.

Жаштарда жарандуулук (ыктыярчылык, жарандык катышуу, социалдык активдүүлүк) көндүмдөрүн жана жаштарга жарандык позицияны ээлөөгө жана деструктивдүү жана экстремисттик топтордон алыс болууга мүмкүндүк берүүчү республикалык да, жергиликтүү да деңгээлде биримдикти өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 562 токтому менен бекитилген 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясындагы "Жаштардын атаандаштыкка жөндөмүн комплекстүү жана системалуу жогорулатуу" 3-артыкчылыктуу багытынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.

Коомду өнүктүрүүдө ыктыярчылык иштин өсүп жаткан ролун көңүлгө алуу менен 2023-жылдын февралында "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда ыктыярчылыктын укуктук негиздери белгиленген, Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруунун максаты, милдеттери жана тартиби аныкталган.

Аталган Мыйзамга ылайык ыктыярчылык иштин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- коомдо жарандык позицияны, социалдык жоопкерчилик, тилектештик, өз ара жардамдашуу жана боорукердик сезимдерин калыптандыруу;

- уюштуруучулардын макулдугу менен коомдук маанилүү иш-чараларга акысыз катышуу, жардамга муктаж адамдарга жана социалдык топторго акысыз жардам көрсөтүү;

- жарандарды социалдык практикага тартуу аркылуу алардын өзүн көрсөтүүсүнө, өз потенциалын ишке ашыруусуна жана эмгегине жараша таанылуусуна мүмкүнчүлүк берүү.

Ыктыярчылык иштин милдеттери:

- социалдык милдеттерди чечүүдө жана коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө мамлекетке, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга, жеке адамдарга жардам берүү;

- жашоонун коопсуздук негиздерине, алгачкы жардам көрсөтүү, экологиялык коргоо, калктын ар түрдүү категориялары менен социалдык иштөө көндүмдөрүнө ээ болууда жарандарга жардам берүү;

- кесиптик багыт алууга дем берүү жана кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу;

- социалдык милдеттерди чечүү үчүн жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруу жана өзүн-өзү уюштуруу көндүмдөрүнө ээ болуусуна жардам берүү;

- ыктыярчылардын кадрдык резервин даярдоо;

- калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, маданий мурасты сактоого, жаштарга адеп-ахлактык, мекенчилдик жана экологиялык тарбия берүүгө багытталган көп түрдүү коомдук ишке жарандарды тартуунун механизмдерин түзүү;

- жаштардын ыктыярчылык ишти уюштурууга жана жүзөгө ашырууга багытталган демилгелерин өнүктүрүү жана колдоо.

"Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен жарандардын жана уюмдардын ортосундагы мамилелер, ошондой эле алардын ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү регламенттелген.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын август айында кабыл алынган "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы жаштардын ыктыярчылык ишин жаштардын коомдук жана/же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, ыктыярдуу башталышта ар түрдүү формада акчалай сый акы албастан аткаруучу коомдук пайдалуу эмгекти ишке ашыруусу катары аныктайт, анын жүрүшүндө билимге, тажрыйбага, көндүмгө ээ боло алат жана өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн ала алат.

Жаштардын ыктыярчылык ишин өнүктүрүү жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат.

"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жаштардын көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын компетенцияларынын алкагында кызмат адамдары тарабынан, анын ичинде жаштардын ыктыярчылык ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жаштардын аярлуу топторун ыктыярчылык ишке тартуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Ошентип бүгүнкү күндө ыктыярчылык иш чөйрөсүндө улуттук ченемдик укуктук база түзүлгөн, бул Кыргыз Республикасында ыктыярчылыкты андан ары өнүктүрүү, ыктыярчыларды мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде колдоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү үчүн негиз жана жөнөтүү түйүнү болуп саналат.

Ыктыярчылык кыймыл социалдык жоопкерчиликтин жана өнүккөн жарандык коомдун көрүнүшү болгондуктан, "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы ыктыярчылык чөйрөсүн чыңдоо багытындагы чоң позитивдүү кадам болуп саналат. Ошону менен катар аталган Мыйзамды андан ары ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган концептуалдык документтерди улуттук деңгээлде кабыл алуу талабы айкын.

"Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча тиешелүү программаларды, стратегияларды жана концепцияларды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирет.

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында ыктыярчылык ишти илгерилетүү жана ар тараптуу колдоо максатында төмөнкүлөрдүн туруктуу жана жемиштүү өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү күтүлүүдө:

- мамлекеттик органдардын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

- бизнес-коомчулуктун;

- академиялык чөйрөнүн;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын;

- билим берүү мекемелеринин;

- коммерциялык эмес уюмдардын;

- башка кызыкдар тараптардын.

Ыктыярчылыкты өнүктүрүү социалдык маанилүү маселелерди аныктоо жана чечүү процессине жалпы коомду тартууга өбөлгө түзөт.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ыктыярчылыктын кыйла өнүккөн багыттарынын бири болуп ар кандай өзгөчө учурларга жана кризистик кырдаалдарга таасир этүү учурундагы ыктыярчылык болуп саналат. Ошол эле учурда жардам көрсөтүп жаткан жарандар тобокелдик зонасында турат жана терс таасирлерден корголгон эмес. Бул Концепция ыктыярчылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо механизмин кароого, ар кандай терс кырдаалдар келип чыкканда жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө тийиш. Ыңгайлуу иштөө үчүн ыктыярчылык иш үчүн коопсуз шарттарды түзүү сунушталат.