РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2023-жылдын 27-январы №1
Раззаков шаарынын 2022-жылдын Өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы жөнүндө
Раззаков шаарынын 2022-жылдын Өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы жөнүндөгү Раззаков шаарынын мэриясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын 2022-жылдын Өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Т. Сапаев |
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркеме)