Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2023-жылдын 27-январы №2

 

Раззаков шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Раззаков шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү Раззаков шаарынын мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү 114678477 сомго чыгаша бөлүгү 87456943 сом, ал эми ичинен максаттуу трансферт 11736900 сом жана чыгаша бөлүгү 11736900 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына калган эркин калдык 26930211 сом, атайын каражаттар 191323 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдагы чыныгы керектөөсү 90981508 сом өлчөмүндө аныкталып, анын ичинен атайын каражаттар керектөөсү 9728508 сом, 2023-жылга түзүлгөн бюджетинен салыктар жана салык эмес төлөмдөр боюнча 81253000 сом, баардыгы атайын каражаттар менен киреше бөлүгү 90981508 сомго, чыгаша бөлүгү 90981508 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде 600000 сом «Резервдик фонд» түзүлсүн.

5. Бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууда бөлүм ичиндеги жылдыруулар жетекчиликке тапшырылсын.

6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Раззаков шаар мэриясынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи К.Кожошовго милдеттендирилсин.

7. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Т. Сапаев

 

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркеме)