Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2023-жылдын 27-январы № 5

 

“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызмат көрсөтүү ченин бекитүү жөнүндө

 

Раззаков шаарынын мэриясынын “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызмат көрсөтүү ченин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызмат көрсөтүү чени тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).

 

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Т. Сапаев

 

 

Раззаков шаардык Кеңешинин

VI чакырылышынын кезектеги

XIX сессиясынын 2023-жылдын

27-январындагы №5 токтомуна тиркеме

 

 

«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүү чени.

 

№

Кызматтын түрлөрү

өлчөө бирдиги

Суммасы

1

Калктуу конуштардагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бир айлык баа

1 киши

25.76

2

Жеке жана юридикалык жактардын таштандылары боюнча турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу баасы МТЗ-82/1 трактору

1 рейс

2722

3

Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча суюк саркындыларды ташып чыгаруу баасы ГАЗ-3309 авто унаасы

1 рейс

3497

4

Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча телескопикалык кызмат көрсөтүү баасы ГАЗ-52 жана ГАЗ-53 авто унаасы

1 саат

685

5

Жеке жана юридикалык жактарга кызмат баасы МТЗ-82/1 экскаватор

1саат

974

6

Жеке жана юридикалык жактарга турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн баасы ГАЗ-3309 мусоровоз авто унаасы

1 рейс

1786

7

Суу себүү кызмат көрсөтүү баасы ЗИЛ-130 авто унаасы

1рейс

1827.8

8

Коммерциялык  (ашкана, соода түйүндөр ж.б) түзүмдөр үчүн көрсөтүлгөн баасы

1м3

408.73

 

 

«Лейлек-Тазалык» муниципалдык

ишканасынын башчысы: Ж.А. Кадыров

 

 

«Лейлек-Тазалык» муниципалдык

ишканасынын башкы эсепчиси: М. Туранов