Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин

VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабры  №9                                                                     

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу  “Бар-Булак” термоминералдык

 ысык суусуна түшүүгѳ (кирүү) тѳлѳѳ акысы  жѳнүндѳ

          

                        Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты Асанкадыр кызы Перизаттын сунушун угуп, талкуулап жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1.            Мурунку Кѳл-Тѳр айыл ѳкмѳтү менен Ак-Терек айыл ѳкмѳтү биригип, Ак-Терек айыл ѳкмѳтү болгонуна байланыштуу, азыркы Кѳл-Тѳр, Коңур-Ɵлѳң, Тогуз-Булак айылдарынын жергиликтүү тургундарына термоминералдык ысык сууга түшүүгѳ (кирүү) тѳлѳѳ акысы 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

3. Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешининтоктому Ь1сык-Кѳл областык

     юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу  комиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                       Эркинбек уулу С.