Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылынын 5-апрели №21

 

« Бел-Кара-Суу айылынын Таш-Кечүү участогунун жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө».

 

          Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу “Бел-Кара-Суу” айылынын Таш-Кечүү участогунун жашоочуларынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1.     Элмирбек Иманалиевайыл аймагынынБел-Кара-Суу айылынын Таш-Кечүү участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын..

 

1.     Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Бел-Кара-Суу айылынын Таш-Кечүү участкасынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Бел-Кара-Суу айылынын Таш-Кечүү участкасынан маркумдарды жерге берүүгө 2,0 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

2.     Бел-Кара-Суу айылынын Таш-Кечүү участкасынан жер тилкесин жер мыйзамдарын негизинде чечип топографиялык жана башка тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Э.Ш. Ажыкуловко жана айыл өкмөт башчысы М.О. Сатаровко милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтомду ишке ашыруу Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4.     Токтомдун ишке ашырылышын ишке ашырып аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

5.     Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.